Жаратылыш ресурстары министрлигинде коррупциялык кылмыштарга каршы күрөшүүдө мамлекет тарабынан киргизилген мыйзамдык жаңычылдыктар боюнча коррупцияга каршы семинар өткөрүлдү.
14-январь 2025, 14:05

14-Январь 2025-жылы Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн демилгеси боюнча "Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы мыйзамдарынын актуалдуу новеллалары"деген темада семинар өткөрүлдү.
Бул семинардын максаты-Жарытылыш министрлигине караштуу Экологиялык коопсуздукту мамлекеттик жөнгө салуу департаментинин кызматкерлерин коррупцияга каршы кылмыш-жаза мыйзамдарын өркүндөтүү чөйрөсүндө мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө тааныштыруу.
Семинарды Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык коопсуздукту мамлекеттик жөнгө салуу департаментинин директору Т.Далбаев ачты, ал өз сөзүндө мамлекеттин коррупцияга каршы жүргүзүлүп жаткан кылмыш-жаза саясатын колдоп, бул коркунучтуу жамандыкка каршы күрөшүүдө ийгиликтерди каалады. Ошону менен бирге ар бир кызматкерди өзүнө жүктөлгөн функционалдык милдеттерди чечүүдө жана кызматтык милдеттерин аткарууда мыйзамдуулук принцибин так сактоону камсыз кылууга жана укук бузууларга, балким коррупциялык мүнөздөгү кылмыштарга жол бербөөгө чакырды.
Жаратылыш министрлигинин ички иликтөөлөр секторунун жетекчиси Р.Быкын уулу өз сөзүндө семинардын катышуучуларына коррупция, коррупцияга каршы укуктук ченемдер, ошондой эле мамлекеттик органдардагы коррупцияга каршы күрөшүү жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик механизмдери жөнүндө негизги түшүнүктөрдү айтып берди. Ошондой эле, коррупциялык кылмыштардын алдын алуу максатында кызматкерлерге кылмыш-жаза мыйзамдарына киргизилген жаңылыктарды түшүндүрүп, ошондой эле аларды жалпысынан чынчылдык жана бузулбастык маданиятын камсыз кылууга чакырды.
Семинардын аягында Министрликтин коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Б.Какешов түшүндүрүү-агартуу иштерин жүргүзүү максатында "Мамлекеттик органдардагы коррупциянын алдын алуу" деген темада баяндама жасады жана мамлекеттик бийликтин нормалдуу иштешине атайылап же байкабастыктан олуттуу зыян келтирген, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануунун айрым антикоррупциялык аспектилерине токтолду.