Жаратылыш ресурстары министрлигинде антикоррупциялык иш-чара өткөрүлдү

Чүй өрөөнү
Жаратылыш ресурстары министрлигинде антикоррупциялык иш-чара өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине  караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы  коррупцияга каршы билим берүүгө багытталган иш-чара өткөрдү.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын жер казынасын пайдалануучулар  кызматкерлери жана  Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Коррупцияга каршы ишкер кеңешинин башкы катчысынын орун басары З.А. Айылчиев, Кыргыз Республикасынын Коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү, юридикалык илимдердин штаттан тышкаркы кандидаты, Ж.Баласагын атындагы КУУнун Юридикалык институтунун жазык укугу жана криминология кафедрасынын профессору  А.С. Базарбаев жана  доценти Б.Д. Какешов,  жаратылыш министрлигинин  ички иликтөөлөр секторунун башчысы Самидин уулу Сагынбек жана башка тиешелуу мекемердин катышуусунда  “коррупцияга каршы аракеттенүү аспектилерин талкуулоо» деген темада тегерек стол болуп өттү. ”

  «Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы айрым ченемдерин түшүндүрүү»

Коррупцияга каршы билим берүү процессинде коррупцияга жол бербөө боюнча активдүү жарандык позицияны калыптандыруу максатында бул эксперттер коррупцияга каршы экспертизанын жоболорун, жеке мыйзамдарды жана коррупциянын алдын алуу боюнча ченемдерди түшүндүрүп беришти, ошондой эле катышуучуларга жер казынасын пайдалануучулардын жана экологиялык-техникалык көзөмөл кызматынын бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин арасында чынчылдык жана ак ниеттик маданиятын жогорулатууну белгиледи.

Бул тегерек стол экотехинспекциянын  директору Д.К. Курмановтун жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Коррупцияга каршы ишкер кеңешинин башкы катчысы Н.А. Муканава жана КУУнун Юридикалык институтунун кылмыш укугу жана криминология кафедрасынын башчысы А. Ж.Баласагын юридика илимдеринин кандидаты, профессор Жээналиева А.О. демилгелери менен ѳткѳрүлдү.

Програм круг стол по антикорру СЭТН, АДС и КНУ.docx