Бишкек шаары, Ново-Павловкада теректерди мыйзамсыз кыюуга бөгөт коюлду
13-ноябрь 2024, 11:23
Чүй өрөөнү

Ново-Павловка айылында Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча инспекторлору 4 даана терек мыйзамсыз кыйылып, экологияга 50 863 сом зыян келтиргенин аныкташкан.
Иштин материалдары мыйзам бузуучуларга карата чараларды көрүү жана андан ары иликтөө үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.
Жаратылыш министрлиги өлкөнүн экологиясын жакшыртуу жана жашылдандыруу демилгелерин колдойт.
Тургундарга жашыл мейкиндикти сактоонун маанилүүлүгүн эскертет.
Дарактар абаны тазалайт жана жашоо үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөт.
Бак-дарактарды кыюунун ордуна, жарандарды бак-дарактарды тигүүгө жана багууга активдүү катышууга чакырабыз.
Ар бир отургузулган көчөттөр биздин экосистеманын келечегине жана коомдун ден-соолугуна салым кошот.
Жаратылышты коргоо аракеттерине кошулуңуз- бак-дарактарды кыйбай, отургузуңуз!