Ош облусунда аңчылык эрежелеринин сакталуусу жана браконьерликти алдын алуу боюнча эс алуу күндөрү рейд жүрдү
09-январь 2025, 10:43

2025-жылдын 6-январында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ош регионалдык башкармалыгынын инспекторлору жана Германиянын табиятты коргоо уюму (NABU) тарабынан уюштурулган «Барс 2» тобунун кызматкерлери Кара-Суу районунун Кызыл-Суу участкасында жана Өзгөн районунун Мажунус участкасында аңчылык эрежелеринин сакталышын текшерүү жана мыйзамсыз аңчылыкка бөгөт коюу максатында рейд өткөрүштү.
Рейддин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын аймагында аңчылык кылуу эрежелери жөнүндөгү 143-токтомунун 31-45-пункттарын бузган 6 жаран аныкталып, Кыргыз Республикасынын Укук Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык 6 протокол түзүлдү.
Мыйзам бузуучуларга ар бирине 12 500 сомдон, жалпы 75 000 сом айып салынды.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы табигый ресурстарды коргоо жана мыйзамсыз аңчылыкка каршы иш-аракеттерин улантат