Ысык-Көл областынын Тоң районунда полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды жугуртууну чектөө боюнча рейд жүргүзүлдү
05-март 2025, 17:30

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык козомол министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык козомол кызматынын жетекчилиги жана кызматкерлери Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы дукондоруно бир жолу колдонулуучу пластик буюмдарды колдонууга, пайдаланууга жана сатууга тыюу салынган мыйзамга ылайык ,тактап айтканда
Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 9-августунда кабыл алынган N°177 Ысык-Көлдүн курорттук- рекреациялык зонасында, парк-пляж аймактарында жана колдун жээктеринде полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды колдонууга тыюу салынган мыйзам боюнча тушундуруу иш чаралары журду.
Иш чаранын журушундо дукондордун ээлерине эскертүү кагазы берилип,пластик буюмдарынан жазалган бир жолу колдонуучу товарларды пайдаланган же аларды саткан учурунда аларга карата административдик жоопкерчилик каралары, тактап айтканда 3000 сомдон 10000 сомго чейин айып салынаары эскертилди.