Кыргызстан менен Өзбекстандын онлайн жолугушуусунун алкагында санитардык-экологиялык абал маселеси талкууланды

Чүй өрөөнү
Кыргызстан менен Өзбекстандын онлайн жолугушуусунун алкагында санитардык-экологиялык абал маселеси талкууланды

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары А.Раимкулова Өзбекстан Республикасынын Экология, куурчап турган чөйрөнү коргоо жана климаттын өзгөрүшү министрлигинин өкүлдөрү менен, Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы элчилигинин катышуусу менен эки өлкөнүн аймагындагы санитардык-гигиеникалык, экологиялык кырдаал маселеси боюнча онлайн жолугушуу өткөрдү. 

Өзбекстан Республикасынын Наманган облусунун Үчкурган районундагы Егду кыштагында жайгашкан самын-жуугуч өндүрүшүнүн жана таштанды полигонунун ишмердүүлүгүнүн натыйжасында сасык жыттын чыгышы боюнча маселе талкуунун предмети болду. 

Жыйынтыгында эки өлкөнүн санитардык-эпидемиологиялык, экологиялык лабораторияларын жакынкы арада жерине баруу менен аталган объекттерге биргелешкен мониторинг жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алынды. 

2023-жылдан тартып Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Бүргөндү-Достук айылынын, Аксы районунун Үч-Коргон айыл аймагынын жана Шамалды-Сай шаарынын жергиликтүү тургундарынан аталган объекттердин курчап турган чөйрөгө жана жергиликтүү калктын ден соолугуна таасир тийгизген иштерине туруктуу негизде даттануулар түшүп жатканын эскертебиз.