Ак илбирстин логотипине сынак бүтөрүнө болгону 5 күн калды-өз ишиңизди тапшырууга үлгүрүңүз!
13-ноябрь 2024, 15:06
Чүй өрөөнү

Ак илбирстин логотипине сынак бүтөрүнө болгону 5 күн калды-өз ишиңизди тапшырууга үлгүрүңүз!
Эскерте кетсек, буга чейин өлкөнүн улуттук символу болгон ак илбирстин логотибин иштеп чыгууга сынак жарыяланган.
Бул сынак сейрек кездешүүчү жырткычтын сакталышына жана анын Кыргызстандын экосистемасындагы маанилүү ролуна көңүл бурууну көздөйт.
Жеңүүчү Логотип ак илбирсти коргоо боюнча жаратылышты программаларынын расмий символу болуп калат.
Конкурстун жеңүүчүсү 500 000 сом өлчөмүндө акчалай сыйлык жана Кыргызстандын Улуттук символунун логотипинин Автору деген ардактуу наам алат.
Катышууга шашылыңыз-иштер 2024-жылдын 18-ноябрь күнү саат 18:00 чейин кабыл алынат.
Болгону 5 күн калды!
Бардык чоо-жайын биздин веб-сайттан төмөнкү шилтемеден көрө аласыз
Баарыңыздарга ийгилик каалайбыз!