Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри М.Тургунбаевдин Борбордук Азиянын Аймактык экологиялык борборунун өкүлдөрү менен жолугушуусу
15-март 2024, 17:26

14-март, 2024-жылы Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри М. Тургунбаев борбордук азия регионалдык экологиялык борборунун Кыргызстандагы филиалынын директору К. Матраимов жана климаттын өзгөрүшү боюнча аймактык адис В. Гребневдин жолугушуусу болду.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өз-ара аракеттешүү маселелеринин кеңири чөйрөсүн, атап айтканда климаттын өзгөрүүсү боюнча эл аралык демилгелерди, климаттын өзгөрүүсүнүн терс кесепеттерине каршы күрөшүүдө тараптардын күч-аракеттерин, ошондой эле тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-чараларды ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.
Азербайжан Республикасынын Баку шаарында өтө турган Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү боюнча Тараптардын Конференциясынын (COP29) алдында кызматташуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.
Жолугушуунун алкагында Тараптар Министрлик менен Борбордук Азиянын регионалдык экологиялык борбору ортосундагы диалогдун жана мамилелерди мындан ары тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти, ал эми жолугушуунун аягында министр М. Тургунбаев менен Борбордук Азиянын регионалдык экологиялык борбору Кыргызстандагы филиалынын директору К. Матраимов "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлиги менен Борбордук Азиянын регионалдык экологиялык борборунун филиалынын ортосундагы өз ара аракеттенүү жөнүндө Меморандумга" кол коюшту.