Ысык-Көл облусундагы экологиялык коопсуздугу боюнча башталган маалыматтык кампаниянын экинчи күнү
06-март 2025, 16:12

Анын алкагында, Ысык-Көл областынын Каракол шаарында полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды жүгүртүүнү чектөө боюнча рейд жүргүзүлдү.
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын жетекчилиги жана кызматкерлери Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы дүкөндөрүнө бир жолу колдонулуучу пластик буюмдарды колдонууга, пайдаланууга жана сатууга тыюу салынган мыйзамга ылайык түшүндүрүү иш чаралары жүрдү.
Иш чаранын жүрүшүндө дүкөндөрдүн ээлерине эскертүү кагазы берилип, пластик буюмдарынан жазалган бир жолу колдонуучу товарларды пайдаланган же аларды саткан учурунда аларга карата административдик жоопкерчилик каралары, тактап айтканда 3000 сомдон 10000 сомго чейин айып салынаары эскертилди.
Ошондой эле, Ысык-Көл областынын Каракол шаарында Ысык-Көл областынын Президентинин Ыйгарым Укуктуу өкүлчүлүгү жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлчүлүктөрүнүн катышуусунда Экологиялык маселелер боюнча талкуу болду.
Иш-чаранын негизги максаты – Кыргыз Республикасынын аймагында экологиялык коопсуздукту камсыздоо, КР Президентинин 2022-жылдын 26-апрели ПЖ No 131, “Ысык-Көлдун экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар женундо” жарлыгынын негизинде өткөрүлдү.
Жыйындын жүрүшүндө төмөнкү негизги маселелер каралды:
-Полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды жүгүртүүнү чектөө
Бул чектөөлөр боюнча жергиликтүү калкка кеңири түшүндүрүү иштери жүргүзүү керектиги баса белгиленди.
-Ошондой эле,таштандыларды туура башкаруу Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча мыйзамдын негизинде, таштандыларды уруксат берилбеген жерлерге таштоо, үйүп салуу же өрттөө маселелери да көтөрүлдү.
-Ысык-Көлдүн аймагын булгоонун негизги булактарынын бири болгон көлгө куюлуучу дарыялардын жээгиндеги зоналарда тургундар,уюмдар,ишканалар саркынды суулардын жана калдыктардын дарыяларга,колго агып жаткан көйгөйлөр,тазалоочу курулмалар жоктугуна байланыштуу Жергиликтүү бийлик менен Экологтор тыгыз байланышта бул көйгөйдү чечүү боюнча иш-аракеттер талкууланды.
- Мындан тышкары, Ысык-Көл облусундагы браконьерликке каршы чараларды күчөтүү боюнча да жыйында маселе көтөрүлдү.