“MINEX Central Asia” геологиялык форумуна аккредитациялоо башталды
10-июнь 2024, 10:34
Чүй өрөөнү

2024-жылдын 19-20-июнунда Бишкекте MINEX Central Asia 10-кен-геологиялык форуму өтөт. Форум “Борбор Азиядагы тоо-кен тармагын туруктуу өнүктүрүүнүн келечеги жана сценарийлери” деген жалпы теманын алдында уюштурулууда. Мындай форматтагы мурунку MINEX форуму 2018-жылы Казакстанда өткөн.
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги иш-чараны кеңири чагылдыруу үчүн ЖМКларды аккредитациялоону баштоодо.
Катталуу үчүн 2024-жылдын 17-июнунун саат 18:00гө чейин атайын форманы толтуруңуз. Бардык ЖМКаларды бул иш-чараны чагылдырууга чакырабыз.
Форум_Майнекс_ЦА.docx