Жарандык коргонуу боюнча машыктыруулар региондордо күчөтүлүүдө
30-сентябрь 2024, 16:27

Жаратылыш ресурстары министрлигинин Экологиялык коопсудук департаментинин кызматкерлери жана Ош облусунун Жарандык коргонуу мамлекеттик тутумунун башкаруу органдары, министрликтердин жана ведомтстволорунун жарандык коргонуу боюнча адистери жана министрликтин Ош регионалдык башкармалыгынын адистери катышты. "Өзгөчө кырдаал коркунучу жаралганда жана катталган учурда ЖК башкаруу органдарынын аракети" темасында командалык-штабдык машыгуу болуп өттү.
Иш-чара 2024-жылдын 18-20-сентябрь күндөрү Ош шаарында болду. Негизги максат – өзгөчө кырдаал коркунучу жаралганда жана катталган учурда жарандык коргонууну башкаруу органдарынын, куткаруу кызматтарынын, жергиликтүү бийлик органдарынын биргелешкен аракеттерин координациялоо болуп саналат.
Машыгууда жер титирөөнүн кесепетинен жаралган кырсыктарга, анын ичинде өрттүн чыгышына, электр мамычаларынын жана ар кандай имараттардын жараксыз абалга келишине байланыштуу куткаруу иштерин, жарандарды эвакуациялоо жана өзгөчө кырдаалдарга жооп кайтаруу иштерин так жана оперативдүү аткаруу боюнча практикалык көнүгүүлөр көрсөтүлдү.
Машыгуу ЖК кызматтарынын өз ара аракеттешүүсүн жана координациясын чыңдоо максатында жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Бул сыяктуу иш-чаралар жарандардын коопсуздугун камсыздоодо, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуда жана өз убагында чара көрүүдө чоң мааниге ээ. Катышуучулар өздөрүнүн даярдыгын жогорулатышып, чыныгы кырдаалдарда натыйжалуу аракеттенүү жөндөмдөрүн дагы бир жолу бекемдешти.