Жаратылыш ресурстары министрлигинде 7-ноябрь басма сɵз жана маалымат күнүнɵ карата министр М.Тургунбаев маасалык маалымат каражаттарынын ɵкүлдɵрү менен жолугушту
03-ноябрь 2023, 19:20

Жаратылыш ресурстары министрлигинде 7-ноябрь басма сɵз жана маалымат күнүнɵ карата министр М.Тургунбаев маасалык маалымат каражаттарынын ɵкүлдɵрү менен жолугушту.
Жолугушууга Ала-Тоо 24, ЭЛТР, Нью ТВ, 7 Канал, Регион ТВ, МИР, телкекалдарынын жана Биринчи радионун кабарчылары, Кабар Акипресс, Вести kg, 24 kg, Кактус Медиа, Спутник Кыргызстан, Абал kg, Бишкек 24 маалымат агенттикттеринин ɵкүлдɵрү, катышты.
Министр куттуктоо сɵзүндɵ журналисттердин коомдогу, орду ролу ɵтɵ чоң рольго ээ экендигин жана, Маасалык маалымат каражаттарынын орду, ролу коомдо ɵтɵ маанилүү, алар аркылуу гана биз министрлик, ведомстволор коомго жасап жаткан иштерибизди жарыялай алабыз-деди министр.
Журналисттер кызыккан суроолоруна жооп алышып, азыркы актуалдуу делген экологиялык маселелерди чай үстүндɵ талкуулашты.
Министрликтин ишин активдүү чагылдыргандыгы жана тыгыз кызматташкандыгы үчүн министрликтин ардак грамотасы жана ыраазычылык каттары менен чакан белектер ыйгарылды.