“Жашыл-Мурас” Боз-Бөлтөк тоосунда
05-март 2025, 19:00

Министр М. Машиев Боз-Бөлтөк тоосундагы Байтик айылынын жер казынасын пайдалануучулар менен жолукту. Жолугушууга онго жакын жер казынасын пайдалануучулардын өкүлдөрү, министрдин орун басары Кыргыз Геологиялык Кызматынын директору М. Жусупбеков, биоресурстар башкармалыгынын башчысы К. Мамбеталиев, Байтик айылынын башчысы Б. Асаналиев катышты.
Конокторду жылуу тозуп алган министр жер казынасын пайдалануучулардын айылдын, райондун, облустардын жана бүтүндөй өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымынын маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле Президент С. Н. Жапаровдун демилгеси менен 2022-жылдан бери ишке ашырылып келе жаткан «Жашыл мурас» Улуттук кампаниясы тууралуу айтып берди. 2025-жылга карата 8,5 миллион көчөт отургузуу пландалууда.
Бул иш-чаранын алкагында сиздерди да ага кошулуп, жашыл аймактарды түзүүгө чакырабыз. Сиздер отургузган бак-дарак келечекте өзүңүздөргө жана балдарыңыздарга таза аба менен сулуу көрүнүш тартуулайт, – деп жыйынтыктады сөзүн министр М. Машиев