Кыргыз Республикасындагы абанын сапатын жакшыртуу долбоору бош кызмат ордуна сынак жарыялайт

Чүй өрөөнү
Кыргыз Республикасындагы абанын сапатын жакшыртуу долбоору     бош кызмат ордуна сынак жарыялайт

КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги


Кыргыз Республикасындагы абанын сапатын жакшыртуу долбоору 


бош кызмат ордуна сынак жарыялайт


Мониторинг жана баалоо боюнча адис


Квалификациялык критерийлер


  • Инженердик, саясат таануу, менеджмент, бизнести башкаруу, экономика, социология, технология же башка тиешелүү тармактарда жогорку билим;
  • 5 жылдан кем эмес тиешелүү иш тажрыйбасы, эң жакшысы Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган долбоорлордо же донорлор тарабынан каржыланган башка долбоорлордо иш тажрыйбасы;
  • Мыкты аналитикалык жана коммуникациялык көндүмдөр, аналитикалык жана аралык отчетторду, техникалык документтерди даярдоо тажрыйбасы;
  • Сурамжылоолорго, изилдөөлөргө жана натыйжалуулукту баалоого байланышкан иш-чараларды координациялоо боюнча тажрыйба;
  • Дүйнөлүк банктын жана/же башка эл аралык донорлордун эрежелерине жана жол-жоболоруна ылайык долбоорду башкарууда тажрыйба жана техникалык көндүмдөр;
  • Кыргыз жана орус тилдерин эркин билүү, англис тилин билүү артыкчылык болуп саналат;
  • Microsoft Office, MS Project программаларында иштөө көндүмдөрү.



Кызыккан талапкерлер 2025-жылдын 7-февралында саат 18.00гө чейин төмөнкү дарек боюнча арызын (коштоочу кат, рекомендация, орус жана англис тилдеринде резюме, байланыш телефонун жана кызмат ордун көрсөтүү менен) тапшыруусу зарыл:


КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги

Бишкек, Биринчи Май району. Эркиндик бульвары, 2, 141-кабинет же

электрондук почтага жөнөтүңүз: aqip.procur@gmail.com


Кошумча маалымат телефон аркылуу: +996 559 770 778


Бош орундун аталышы көрсөтүлбөгөн, документтердин толук эмес топтомун камтыган жана көрсөтүлгөн мөөнөттөн кийин келип түшкөн арыздар каралбайт.
Техническое задание.pdf