Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги

Ошская область
Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги

Абанын булганышын алдын алуу максатында жыйын өттү

Бүгүн, Ош шаарынын мэринин орун басары С. Жунусбаев шаардагы абанын булганышын жана түтүнгө каршы алдын алуу чараларын күчөтүү максатында жыйын өткөрүп, ага Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ош регионалдык башкармалыгынын өкүлдөрү, муниципалдык аймактык башкармалыктардын, мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Жыйында, күзгү жана кышкы мезгилдердеги абанын булгануусуна себеп болгон негизги маселелер талкууланып, бул боюнча экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан жүргүзүлгөн иш-аракеттер тууралуу маалыматтар берилди.

Жыйынтыгында тиешелүү кызматтар шаар бийлиги тарабынан шаардагы мекеме-ишканалардын отканаларынан чыккан түтүндөргө инструменталдык көзөмөлдү жүргүзүү, абага терс таасирин тийгизген көрүнүштөрдү жоюу, белгиленбеген жерлерде турмуш-тиричилик буюмдарды, анын ичинде унаалардын дөңгөлөктөрүн, тигүүчү цехтерден чыккан кездеме калдыктарын жана башка ушул сыяктуу абаны булгоочу буюмдарды жакпоо боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү милдеттендирилди.