2022-жылы Президент С.Н.Жапаровдун демилегеси менен башталган Улуттук “Жашыл Мурас” кампаниясынын алкагында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык кɵзɵмɵл министрлиги жалпы республика боюнча 7 572 009 кɵчɵт отургузду

Чуйская область

Өлкөнүн экологиялык, экономикалык, азык-түлүктүк коопсуздугун камсыз кылуу, климаттын туруктуулугун жогорулатуу, жаратылыш мурастарын сактоо жана Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылын өткөрүү максатында 2022-жылдын 31-январындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ №17 Жарлыгынын негизинде 2022-жыл – Тоолордун экосистемаларын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыяланып, 2022-жылдын 1-мартында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 95-т тескемесинин негизинде Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылын өткөрүү боюнча жол картасы бекитилген. “Жашыл мурас” Улуттук кампаниясы аталган Жол картасына киргизилип, аткарууга алынган.

“Жашыл мурас” улуттук кампаниясы республикабыздын ар бир регионунда ишке ашырылып, жыл сайын өткөрүлүүчү салтка айланып бара жаткан масштабдуу экологиялык акция болуп эсептелинет. 

2023-жылга 7 млн даана бак-дарак көчөттөрүн отургузуу пландаштырылылып, “Жашыл Мурас” улуттук кампаниясын ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, Жогорку Кеңештин депутаттары, Кыргызстан аялдар Кенешинин мүчɵлɵрү, Кыргызстан Эл аралык университетинин студенттери жана окутуучулары, министирликтер, ведомстволор, банктар, жаштар бирикмелери, студенттер бирикмелери, Кумтɵр Голд компани ААК, райондук администрациялар, мэриялар, мекеме, ишканалар жана айыл өкмөттөр арасында  бак-дарак көчөттөрүн отургузуу иш-чаралары өткөрүлдү. 

Республикабыздын аймактарындагы “Жашыл Мурас” улуттук кампаниясынын ишке ашышы

Облустардын жана шаарлардын аталышы

Жалпы отургузулганы

аянты (га)

саны (даана) 

өнүмү (%)

1

Бишкек ш.

62,0

458 328

82

2

Ош ш.

2,1

8 500

84

3

Нарын

193,1

351 503

70,35

4

Ысык-Көл

438,72

903 768

74,88

5

Чүй

475,61

274 737

65,63

6

Талас

201,88

164 942

63,71

7

Жалал-Абад

970,49

855 912

68,0

8

Ош

1 115,71

911 416

78,53

9

Баткен

1 618,17

3 642 903

54,43 

Бардыгы 

5 077,78

7 572 009 

64,35