Абанын булганышына жол берген укук бузуучуларга карата чаралар көрүлдү

Чуйская область
Абанын булганышына жол берген укук бузуучуларга карата чаралар көрүлдү

Жаратылыш ресурстары, министрлиги тарабынан атмосфералык абанын сапатын жакшыртуу максатында атайын иш-чара уюштурулду. Иш-чара министрликтин атмосфералык абаны коргоо бөлүмүнүн жетекчилиги жана координациялоосунун негизинде өткөрүлдү. 

Экологиялык техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек-Аламедин башкармалыгынын башкармалыгы, Бишкек шаарынын мериясынын Муниципалдык инспекциясы жана Ички иштер министрлигинин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоодогу кайгуул кызматы менен биргеликте жүргүзүлдү.

Рейдттин жүрүшүндө булгоочу заттардын камтылышы белгиленген ченемдерден ашып кеткен автотранспорттор текшерилип, бузуулар аныкталган тараптарга Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 234-беренесине ылайык административдик айып салынды. Мындан тышкары унаа ээлерине кыймылдаткычтарын оңдоо, талаптарга ылайык келтирип колдонуу сунуштары берилди. 

Ошондой эле, Военно- Антоновка  айыл өкмөтүндө таштанды жайында өрт өчүрүлүп   Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 230-беренесине ылайык,  жыйырма сегиз миң (28000) сом өлчөмүндө айып пул салынды. 

Маалымат ирээтинде, атмосфералык абанын булгануусуна жол бербөө максатында  Бишкек шаарында жана Чүй облусунда ыштын пайда болушуна алып келген унаалардан чыккан зыяндуу заттар, таштанды жайлары жана мончолор текшерилди. 

Мындан ары транспорт каражаттарынан чыккан түтүндүн абага зыяндуу заттарын аныктоо боюнча рейдтик иш-чаралар улантылат. Буга карата Министрлик Бишкек шаарынын айдоочуларын жана конокторун абанын абалын жакшыртуу үчүн автотранспорт каражаттарынан зыяндуу заттарын ашып кетишин жоюу боюнча өз убагында   чараларды көрүүгө  чакырат.