Атмосфералык абаны коргоо жаатында иштерди күчөтүү боюнча жыйын өткөрүлдү
17-декабря 2024, 18:07

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык козөмөл министри М.А.Машиевдин 2024-жылдын 10-декабрында №382 “Атмосфералык абаны коргоо боюнча рейддик иш чараларды уюштуруу жөнүндө” буйругуну аткаруунун алкагында Министрликте атайын жыйын өттү.
Жыйын Министрликтин Атмосфералык абаны коргоо бөлүмүнүн координациялоосунун негизинде өткөрүлдү. Жыйынга экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору, регионалдык башкармалыктар онлайн байланыш аркылуу катышты.
Отурмдун жүрүшүндө атмосфералык абаны коргоо боюнча аткарылып жаткан иштер талкууланып, жетишилген натыйжалар жана кемчиликтер айтылды. Министрликтин атмосфералык абаны коргоо бөлүмүнүн адистери өлкө боюнча рейддик иш чараларды жүргүзүү буйругун аткарууга алуу, абанын сапатын жакшыртуу боюнча аркеттерди күчөтүү жана мониторинг жүргүзүү тууралуу кенен айтып беришти.
Ошондой эле, пландардын негизинде жума сайын кеминде бир жолу ИИМнин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тыюу салынган заттарды өрттөөнү болтурбоо боюнча, калк арасында маалыматтык-агартуу, атмосфералык абанын булганышынын деңгээлин төмөндөтүү боюнча жогорку окуу жайларда жана мектептерде комплекстүү иштер туруктуу негизде жүргүзүп туруу керектиги баса белгиленди.