«Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо» күнү менен Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык кѳзѳмѳл кызматынын атынан майрамыныздар менен чын дилибизден куттуктайбыз!
05-июня 2024, 11:06

Урматтуу ардагерлер, достор жана экология тармагында эмгектенген адистер!
Бүгүнкү «Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо» күнү менен Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык кѳзѳмѳл кызматынын атынан майрамыныздар менен чын дилибизден куттуктайбыз!
Мындан 52 жыл мурун, Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 27-сессиясында 1972-жылдын 15-декабрындагы резолюциясы менен аныкталган.
5-июнь «Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнү» деп жарыяланган.
Ал эми Кыргызстанда мындан 25 жыл мурун, 1999-жылы айлана-чөйрөнү коргоого көмөк көрсөтүү жана коомдун экологиялык багытынын маанисин күчөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен жыл сайын 5-июнь Экологдордун кесиптик күнү катары белгиленет.
Азыркы күндө, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо маселелери эл аралык деңгээлдеги негизги темалардын бири - «Бардык өлкөлөр дүйнөлүк экологиялык коркунучтарды ооздуктоо боюнча дүйнөлүк коомчулуктун иш-аракеттерине өзүм баштап активдүү катышып жатабыз.
Ар бириниздерди айлана-чойрого аяр мамиле жасап, жарытылыш менен таттуу мамиледе болууну чакырабыз.