Чүй облусунун Аламедин районунда браконьерлер кармалды

Чуйская область
Чүй облусунун Аламедин районунда браконьерлер кармалды

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары министрлигинин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын биоресурстарды контролдоо бөлүмүнүн инспекторлору 2025-жылдын 8-10-январь күндөрү Чүй облусунун Аламедин районунда рейддерди өткөрүштү. Рейддердин натыйжасында бир нече жаран мыйзамсыз аӊчылык кылып жүргөндө кармалды.

Жүргүзүлгөн рейддердин жыйынтыгында мыйзам бузуучуларга Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндөгү кодексинин 263-беренеси (Аңчылык эрежелерин бузуу) боюнча 3 протокол түзүлдү. Мыйзамсыз аңчылык кылган жарандарга 37 500 сом айып пул салынып, экосистемага келтирилген зыян үчүн 5 миң сом доо коюлду.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы мыйзамсыз аңчылыкка каршы күрөштү улантып, аймактардагы экологиялык тең салмактуулукту сактоо үчүн ишин күчөтүүдө.

Жаратылыш ресурстары министрлиги жарандарды аңчылык мыйзамдарын сактоого, экосистеманы коргоого жана жаратылыш байлыктарын сактоого чакырат.