Мероприятие, посвященное «Международному дню биоразнообразия».
21-мая 2024, 16:31

Жаратылыш ресурстары министрлигинин Нарын регионалдык башкармалыгынын К. Базарбаев атындагы " Каратал-Жапырык " мамлекеттик жаратылыш коругу тарабынан 22- май " Эл аралык биоартүрдүүлүк күнүнө" карата Нарын районунда жайгашкан Эмгек-Талаа айылынын Керимбай уулу Сарыбай атындагы орто мектебинин 7-класстарынын окуучулары арасында окуучулардын табиятка, жапайы жаныбарларга, канаттууларга, өсүмдүктөргө аяр мамиле кылуу сезимдерин калыптандыруу, экологиялык билимдерин өркүндөтүү, жогорулатуу жана жаратылышты коргоого жаш муундарды үндөөгө , кызыктырууга арналган интеллектуалдык оюну өткөрүлдү.
Таймаш "Табият", "Биримдик", "Достук командаларынын ортосунда өттү. 1- орун "Достук", 2-орун "Биримдик", 3-орун "Табият" командалары камсыз кылышты. Интеллектуалдык оюнга жалпысынан 30 окуучу катышышты.
Жеңүүчүлөргө, жаратылыш коругунун Ардак грамоталары менен баалуу белектер тапшырылды.
Мектептин айланасын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу максатында жаратылыш коругу тарабынан 2 даана Тянь-шань карагайы жана 50 даана теректердин көчөттөрү отургузулду.
Нарын регионалдык башкармалыгы, Салкын-Төр жаратылыш паркы менен биргеликте 22-май "Эл аралык биоартүрдүүлүк күнүнө" карата жана ошондой эле эл аралык " Таза тоолор" акциясынын алкагында Нарын шаарынын түштүк тарабындагы Ала-Мышык тоо кыркаларынын адырларын таштандылардан тазалоо иш чарасы өткөрүлдү. Жалпысы 40 кызматкер катышып , 20 дан ашык мүшөк таштандылар чогултулуп , таштанды таштоочу жайга төгүлдү.