Бүгүн Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги - жылдын 11 айындагы ишмердиги боюнча "Кабар" маалыматтык агенттигинде маалымат жыйын өткөрдү

Чуйская область
Бүгүн Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги - жылдын 11 айындагы ишмердиги  боюнча  "Кабар" маалыматтык агенттигинде маалымат жыйын өткөрдү

ЭКОЛОГИЯ БАГЫТЫ БОЮНЧА

Бүгүнкү күндө дүйнөлүк коомчулуктун глобалдык артыкчылыктарынын арасында экология жана айлана-чөйрөнү коргоо маселелери биринчи орунга чыгууда. Министрлик бул багытта курчап турган айлана чөйрөнү жана жаратылышты коргоо жана сактоо боюнча үзгүлтүксүз иштерди жүргүзүп келет.

“Жашыл Мурас” улуттук кампаниясынын алкагында отчеттук мезгилде республика боюнча 7,0 миллиондон ашык көчөт отургузулду.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-апрелиндеги №182-т тескемеси менен Баткен облусунун аймагында “Мадыген” мамлекеттик жаратылыш эстелиги түзүлдү.

Отчеттук мезгилде биоресурстарды коргоо чөйрөсүндө республикалык бюджетке жалпы түшүүлөр 114 974 037 сомду түздү. 

Жер үстүндөгү суу ресурстарын пайдалануу үчүн республикалык бюджетке 88 чарба жүргүзүүчү субъектилерден 292 009 517 сом түшкөн.

2023-жылдын 15-августундагы №181 “Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы кабыл алынган (2023-жылдын 30-августунан тартып күчүнө кирген).

“Укук бузуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2023-жылдын 9-августунда кабыл алынды (213-1, 213-2-беренелер– пластик буюмдарды жүгүртүүгө тыюу салуу боюнча укук бузуулар үчүн административдик айыптар);

2023-жылдын 9-августунда № 178 “Кыргыз Республикасынын өзгөчө корголуучу жаратылыш жана биосфералык аймактарында полимердик пленкадан жана пластмассадан жасалган пакеттерди жүгүртүүнү чектөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы кабыл алынган.

Жогоруда кабыл алынган мыйзамдар ЕАЭБ ченемдерин жана эл аралык талаптарды эске алуу менен керектөө касиеттерин жоготкондон кийин кайра иштетилүүгө тийиш болгон товарлардын жүгүртүлүшүн жөнгө салат. 

Кыргыз Республикасынын Президентинин №305 “Улуттук тазалык күнү жөнүндө” Жарлыгын жана 2023-жылга тиричилик калдыктарын башкаруунун натыйжалуу инфраструктурасын түзүү боюнча иш-чаралардын планын ишке ашыруунун алкагында жалпысынан 6 республикалык ишембилик өткөрүлдү.

Иш чаралардын жыйынтыгында жалпысынан 3346 тонна таштанды чогултулду. Орто эсеп менен 300 миңдей адам катышты.

Бишкек шаарындагы түтүн көйгөйүн жоюу багытында:

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын 2023-жылдын 29-майындагы №279 буйругу менен курамы 11 министрлик жана ведомстводон турган ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн. Учурда 9 жыйын өткөрүлүп, жыйынтыгында абанын сапатын жакшыртуу боюнча иштиктүү чаралар кабыл алынды.

Абанын булганышынын негизги булактары турак жайларды жылытууда сапатсыз аз калориялуу көмүрдү пайдалануу(40%), автомобиль транспорту (29%), өзгөчө дизель майы менен жүргөн жүк ташуучу унаалар, микроавтобустар жана өнөр жай ишканалары (15%), Бишкек ЖЭБи (5-10%) болуп саналат. 

Учурда Бишкек шаарындагы" Газпром Кыргызстан " жоопкерчилиги чектелген коому менен биргеликте 27 жаңы конуш газдаштырылды. 2023-жылга карата 9 калктуу конушту газдаштыруу боюнча жол картасы иштелип чыгып, кол коюлган. Газдаштыруу көмүрдү керектөөнү болжол менен 15 миң тоннага азайтат. 1-декабрга карата 8900дөн ашуун жаңы абонент газ тармактарына кошулду.  108-110 миң үй ээлери бар. 29 000 абонент камтылган, 19206 (69%) абонент газдаштырылды, 13080 (47%) абонент от казандарын жылытышат. 

"Бишкекжылуулукэнерго" ишканасынын 22 отканасы газ жана альтернативдик жылытууга өткөрүлдү. Бардыгы болуп 74 от казан бар. Көмүрдү пайдалануу 3600 тоннага кыскарды. 

Жабдууларды сатып алуу жана газга кошулуу үчүн жылына 8-12% менен 1 млрд.сом өлчөмүндө жеңилдетилген насыяларды РСК жана Айыл банкы аркылуу субсидиялоо программасы киргизилди.

72 ишкердик субъектисине атмосфералык абанын булганышы боюнча текшерүүлөр жүргүзүлдү. Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 230-беренесине ылайык, атмосферага булгоочу заттарды чыгаргандык үчүн 1 млн 780 миң 572 сом административдик айып салынды.

811 чарбакер субъекттерге атмосфералык абаны коргоо ченемдеринин сакталышы жөнүндө билдирүү берилди. 

Кара түтүнгө карата иштери ММКга 81 жолу чагылдырылды. 

"Бөлүп чыгарууда булгоочу заттар нормадан ашкан автомототранспорттук жана башка кыймылдуу каражаттарды пайдалануу" боюнча 13 протокол түзүлгөн жана 97 500 сом суммасында айып салынган, 182-беренеси боюнча "транспорт каражаттарын пайдалануу эрежелерин бузуу" 1,2,7-бөлүктөрүнө ылайык 6102 протокол түзүлүп, 23 млн.183 миң 500 сом суммасында айып салынган.   

Бишкек санитардык полигону ондогон жылдан бери күйүп келген. Учурда полигондо күйүү толугу менен өчүрүлдү, смог көйгөйүн 10-15% га чейин азайтты. Полигондун аймагы рекультивацияланууда жана учурда 850 көчөт отургузулду, ошону менен 2,3 га жерге токой тилкеси пайда болду. Тигүү калдыктарын утилдештирүү боюнча жабдуулар (инсинератор) сатылып алынды, ал полигондо штаттык режимде иштейт жана тигүү калдыктарын зыянсыз утилдештирет. Бишкекте 1039 тигүү цехи бар, алардын ичинен 747и менен утилизациялоо келишими түзүлгөн. Ар бир районго тигүү калдыктарын чыгаруу үчүн атайын автотранспорттор сатылып алынды. 

2023-жылдын 27-сентябрында "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын Кара-Кече кениндеги курулуш, байытуучу фабрикаларга сунуштарды тандоо боюнча инвестициялык сынак жарыялаган Tenders.kg сайтында. 

Учурда "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги кытай компаниясы менен байытуу фабрикасынын долбоорун ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. 

Министрлик негизги кызыкдар тараптар менен тыгыз кызматташтыкта абанын сапатын башкаруу жана РМ2.5 бөлүкчөлөрү жана парник газдарын чыгарууну азайтуу боюнча өлкөнүн потенциалын чыңдоого багытталган Дүйнөлүк банктын 50 миллион долларлык долбоорун ишке ашырууда.

Корея эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) багыты боюнча жалпы суммасы 10,0 млн. долларлык долбоор боюнча  иштер жүрүүдө. Аталган долбоор абанын сапатын жакшыртуу, абанын булганышына мониторинг жүргүзүүнүн автоматташтырылган системасын түзүү, жылытуу үчүн экологиялык жактан таза чечимдерди илгерилетүү, жашыл бак-дарактарды кеңейтүү, абанын булганышына каршы күрөшүү саясатын иштеп чыгуу жана потенциалды жогорулатуу максатын көздөйт. 


ГЕОЛОГИЯ ТАРМАГЫНДА


Отчеттук мезгилде министрликтин ишинин жыйынтыгы боюнча республикалык бюджетке 2,2 млрд сом түшкөн.

Тоо-кен ишканалары тарабынан 18,7 млрд сом өлчөмүндө салык төлөндү.

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК 10,8 млрд.

Отчеттук мезгилде “Кумтөр Голд Компани” 9 тонна алтын өндүргөн.

Бүгүнкү күндө лицензиялардын жалпы саны 2 240 түзөт, анын ичинен 1658 иштетүүгө, 551 геологиялык чалгындоого жана 31 издөө иштерине берилген.

№    Аталыштары    Издөө    Чалгындоого    Иштетүүгө    Жалпы

1    Түпкү алтын     13    107    62    182

2    Чачыранды Алтын    3    88    72    163

3    Металдар    10    56    23    89

4    Көмүр    0    88    260    348

5    Рудалык эмес  чийки заттар    0    196    635    831

6    мунай  жана газ    5    16    25    46

7    Суу    0    0    581    581

    Бардыгы:    31    551    1658    2240


    Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы №5 “Кыргыз Республикасынын тоо-кен казып алуу тармагын реформалоо маселелери жөнүндө” Жарлыгына ылайык, “Жер казынасы жөнүндө” мыйзамга ылайык, отчеттук мезгилде мамлекеттик ишканаларга геологиялык чалгындоо жана издөө иштерине 34, кендерди иштетүүгө 29 лицензия берилген. Мамлекеттик ишканаларга лицензия берилген ири кендердин бири: 

- “Кумтөр Голд Компани” ЖАКна, Тоголок алтын кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна;

- “Кыргызалтын” ААКна Миронов алтын кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна;

- “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасына “Каракече” көмүр кенинин жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиялар берилген.

Өзгөртүүлөрдүн эсебинен калктын коопсуздугун камсыз кылуу жана айлана-чөйрөгө оорчулукту азайтуу, ошондой эле Кыргызстандын мындан аркы экономикалык өсүшү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү пландаштырылууда. 

                 

ЭКОЛОГИЯЛЫК ЖАНА ТЕХНИКАЛЫК КӨЗӨМӨЛ ТАРМАГЫНДА


      Отчеттук мезгилде алсак, 416 текшерүү жүргүзүлгөн, алардын ичинен 96 пландык, 261 пландан тышкаркы жана 67 контролдук текшерүү.  

       Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча министрликтин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан 1901 мыйзам бузуу фактылары аныкталып, анын ичинен 579 пункт жоюлуп, бузууларды четтетүү боюнча 146 эскертүү берилген.

    Укук бузуу жөнүндө 872 протокол түзүлдү жана жалпы суммасы 13 947,0 миң сом айып түрүндө административдик жаза салынды, анын ичинен 12 207,0 миң сом төлөндү, айлана-чөйрөгө зыян келтиргендиги үчүн 76 доо 14 588,6 миң сом суммасында берилди, анын ичинен 4 933,4 миң сом өндүрүлдү (2022-жылдагы өтмө доолорду эске алуу менен).

     Жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан мыйзамдарга ылайык мындан аркы чараларды көрүү үчүн укук коргоо органдарына - 55 материал өткөрүлүп берилди.  

            Отчеттук мезгилде 39 миң 800 метр синтетикалык торлор табылган, алар толугу менен механикалык түрдө жок кылынды. Ошондой эле 2 кайык кармалып, андан ары иликтөө үчүн ички иштер органдарына өткөрүлүп берилди. 


ЭЛ АРАЛЫК КЫЗМАТТАШТЫК

ЖАШЫЛ КЛИМАТТЫК ФОНД 


2023-жылдын 30-январында Жашыл климаттык фонд   электрондук порталы аркылуу жөнөкөйлөтүлгөн SAP тутуму боюнча жалпы суммасы 75,0 млн АКШ долларын түзгөн 2 долбоордук өтүнмө берилген:

-“Кыргыз Республикасындагы коомдук имараттарга аз көмүртектүү инвестициялардын тобокелдиктерин азайтуу».

- “Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы агынды сууларды тазалоонун борборлоштурулбаган климаттык оптимизацияланган системаларына инвестициялардын тобокелдиктерин азайтуу жана масштабын көбөйтүү”.  

    Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү боюнча Рамкалык конвенциясынын (КС-28 РКИК ООН) Тараптарынын 28-конференциясында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоонун символу болгон ак илбирсти сактоо боюнча биргелешкен аракеттерге чакырды.

Конференцияда Кыргызстандын делегациясы тоолор жана климат боюнча жаңы диалогду сунуштап, тоолуу аймактардын глобалдык климаттык системадагы ролун жана дүйнөдөгү тоо көйгөйлөрүн чечүүдөгү Кыргызстандын активдүүлүгүн баса белгилешти.

2023-жылдын 27-ноябрында Лондондо MINEX 2023 Евразиялык инвестициялык конференциясы болуп, ага Кыргызстандын өкүлдөрү катышып,  делегацияны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А. Жапаров жетектеп барган. Геологиялык жана тоо-кен-металлургиялык тармактарда эл аралык кызматташтыкты чыңдоого багытталган иш-чаранын жүрүшүндө Жаратылыш ресурстары министрлигинин жетекчилиги өлкөлөр ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, бул багытта өнөктөштүктү улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

Стратегиялык маанилүү Tokyo GX Week иш-чаралары эл аралык аренада да болуп өттү, анда жашыл трансформация жана туруктуу өнүгүү маселелери талкууланды.


КЕЛЕЧЕККЕ ПЛАНДАР


    Айлана-чөйрөнү жана климатты жакшыртуу боюнча пландар:

    Кыргыз Республикасында парник газдарынын эмиссиясын 2025-жылга чейин 16,63% жана 2030-жылга чейин 15,97% кыскартуу каралууда, биринчи кезекте энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу аркылуу.

Калдыктар боюнча иш жүргүзүү багытында.

“Калдыктан кирешеге” принцибин кеңири ишке ашыруу боюнча чараларды көрүү; калдыктарды кайра иштетүү, утилдештирүү боюнча ишканаларды түзүүгө, аз калдыктуу жана калдыксыз технологияларды киргизүүгө дем берүү; катуу тиричилик калдыктарын бөлөк чогултуу системасын жер-жерлерде ишке киргизүү, экинчи жолу иштетилген ресурстар рыногун өнүктүрүү. 

Аталган принциптерди эл аралык тажрыйбаларды колдонуу менен, Кыргызстанда Өндүрүүчүлөрдүн Кеңейтилген Жоопкерчилиги (ӨКЖ) түшүнүгү киргизилди. Аталган жаңы принцип өндүрүүчүлөрдүн жана импортерлордун товарлардан чыккан калдыктарды кайрадан иштетүү үчүн утилдик жыйым төлөө жоопкерчилиги  каралып, калдыктардын баарын кайра иштетип экинчи материалдык ресурсту өндүрүп чыгарууга багытталган.

    

Түтүн менен күрөшүү боюнча пландар:

    «Газпром Кыргызстан» буга чейин 1250 чакырым газ тармактарын куруп, өлкөнүн 270 миң тургунун жаратылыш газы менен камсыз кылган. Компания бул көрсөткүчтү 2030-жылга чейин 60 пайызга жеткирүүнү пландоодо.

    2023-жылдын аягына чейин дагы 10 миң үй бар 11 конушту газдаштыруу пландалууда. Бир үй-бүлөнүн бир сезондо орточо көмүр керектөөсү 3 тоннаны түзөт. Бул пландарды ишке ашыруу менен 30 000 тоннага жакын көмүр колдонуу жоюлат.

    Учурда жеке сектордогу турак жайларга газ жылытуу жабдууларын орнотууга жылына 150 м2ге чейин - 8%, 150 м2ден жогору - 12% банктык пайыздык чен менен (РСК Банк, Айл Банк) тарабынан жеңилдетилген кредит берүү жөнүндө токтомго кол коюлду. 


Геология тармагын өркүндөтүү боюнча пландар:

Тоо-кен тармагынын ишмердүүлүгүн жакшыртуу максатында 2024-жылы 1 миллиард сом бөлүү каралган.

Аукцион аркылуу берилген лицензицияларга мамлекеттин үлүшүн 30% кем эмес киргизүү  иштери жүрүп жатат;

Кыргыз Республикасынын Экологиялык кодекси, Тоо кодекси иштелип жатат;

Геологиялык чалгындоо иштеринин жыйынтыктары, пайдалуу кендердин минералдык ресурстары жана руда запастары боюнча отчетторду даярдоо боюнча JORC (Австралия-Азия отчеттуулук кодекси) системасы киргизилүү каралууда.

Кумтор кенин иштетүү менен чектелбестен Тоголок, Жангар, Чакуш, Терек, Алтын-Жылга жана башка аянттарын иштетүү пландаштырылып жатат.

2023-2040-жылдарга Кыргыз Республикасынын геологиялык жана тоо-кен тармагын өнүктүрүү концепциясынын долбоору иштелип чыкты.