Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги

Джалал-Абадская область
Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги

Кыргыз Республикасынын аймагында жылытуу маалындагы Атмосфералык абанын булганышын алдын алуу, Кыргыз Республикасынын 1999-жыллын 15-июнундагы №51 "Атмосфералык абаны коргоо" жөнүндө мыйзамынын талаптарын, Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары Экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин тапшырмаларын жана Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын 2023-жылдын 6-октябрынын №14 протоколдук чечимин ишке ашыруу максатында, Экотехкѳзѳмѳл кызматынын Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан тѳмѳндѳгүдѳй иш-чаралар жүргүзүлдү.

Сузак райондук билим берүү бѳлүмү менен макулдашып түзүлгѳн иш пландын негизинде,  Экотехкѳзѳмѳл кызматынын Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын инспекторлору, “Атмосфералык абаны коргоо” темасында, Сузак районундагы №38 “Д.Жунусов”,  №36 “Г.Гулам” жалпы билим берүү мектептеринде жана “Ак-Куу” мектепке чейинки билим берүү уюмунда экологиялык агартуу иштерин жүргүзүштү. Ошондой эле, аталган мектептердин отканаларына кароо жүргүзүлүп, ал жерде иштеген кызматкерлерге резина, пластик, синтетикалык калдыктарды күйгүзүп, жагууга жол бербөө, Атмосфералык абанын булганышын алдын алуу жагы эскертилди.

Жалал-Абад шаарынын Барпы-Сейил көчөсүндө жайгашкан “Эски мончо” деп аталган, мончонун иши менен таанышып эскертүү кагазы берилди. 

2023-жылдын 05-декабрь күнү, Базар-Коргон районуна караштуу Үч-Эмчек участкасындагы таштанды таштоочу жай ѳрттѳнүп, түтѳп жаткандыгы аныкталып, Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын инспекторлору, Базар-Коргон мэриясынын  кызматкерлери менен биргеликте, ыкчам иш-чара уюштурулуп, ѳрт ѳчүрүүчү техниканын жана оор техникалардын жардамы менен ѳрт ѳчүрүлдү.