Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги

Нарынская область
Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги

Нарын регионалдык башкармалыгы. Экологиялык агартуу иштери 

Нарын регионалдык башкармалыгынын мамлекеттик экологиялык экспертиза бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Кочкор районунун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн Шамен жана У.Бейеев, Чолпон айыл өкмөтүнүн А.Мааткеримов, Аблес ууоу Алайдар орто мектептеринде жана Жумгал районунун Чаек айыл өкмөтүнүн Т.Турсунбаева жана М.Алыбаев атындагы орто мектептеринде күз-кыш мезгилинин көйгөйү болгон кара түтүн, атмосфералык абанын булганышы, адам баласынын ден-соолугуна, жашоосуна  жана жаратылышка тийгизген таасирлери, кесепеттери, суу коргоо тилкелерин турмуш-тиричилик таштандыдан кантип сактоо керектиги боюнча окуучуларга жана мектептердин жетекчилиги менен от жагуу мезгилинде иш алып барган кызматкерлерге да экологиялык талаптарды бекем сактоо боюнча агартуу иштерин жүргүзүп келишти. 

Ошондой эле башкармалыктын биотүрдүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары бөлүмүнүн кызматкерлери Нарын шаарында орун алган «Билимкана» окуу комплексинин чакыруусу менен анда билим алып жаткан жаш жеткинчектерге мамлекетибизде өзгөчө коргоого  алынган «ак илбирс» тууралуу кызыктуу маалыматтарды берүү менен айлана чөйрөнү коргоо, жаратылышка аяр мамиле жасоо боюнча сабак өтүштү.