Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги
08-декабря 2023, 17:01

Нарын регионалдык башкармалыгы
Министрликтин Нарын регионалдык башкармалыгы Коррупцияны алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн демилгеси менен , Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Нарын регионалдык башкармалыгынын кызматкерлеринин катышуусунда, К.Базарбаев атындагы «Каратал-Жапырык» мамлекеттик коругу, «Салкын-Төр» мамлекеттик жаратылыш паркы, Нарын мамлекеттик жаратылыш коругу менен биргеликте 07.12.2023-жылы жыл сайын 9-декабрь «Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө» карата тегерек стол уюштурду. Анда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министлигинин 2023-2025-жылдарга карата иштелип чыккан коррупцияга каршы саясатын ишке ашыруу, «Коррупция каршы аракеттенүү жөнүндөгү» мыйзамды сактоо жана аны алдын алуу, жоюу жолдору боюнча кенири маштабда түшүндүрүү иштери менен анын алдын алуу чаралары талкууга алынды. Иш чаранын жүрүшүндө кызматкерлерге эскерткич материалдар (брошюра, китепчелер) таратылып, бир катар документтер тааныштырылды.