Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги
19-декабря 2023, 12:14

18-декабрда 2023-жылы КР Жаратылыш ресурстары экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Баткен регионалдык башкармалыгынын эмгек жамаатында өрт коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча атайын окутуу семинары өткөрүлдү.
ӨКМдин өрт кесепетин алдын алуу коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча окутуу семинарын Баткен шаары боюнча ӨКБнүн улук офицери Атай Абдирашит уулу өткөрдү.
Семинардын алкагында Баткен регионалдык башкармалыктын кызматкерлери өрт коопсуздугун сактордо өрт өчүрүүчү шаймандарын туура пайдалануу боюнча кеңири түшүндүрүлдү.
Баткен регионалдык башкармалыктын башчысы А.Маматалиев өрт коопсуздугу боюнча атайын иш план бекитип, ар бир кызматкер жоопкерчиликтүү иш алып барууну тапшырды.