Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги
13-декабря 2023, 11:04

Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экологиялык жана техникалык көзөмөл министрлигинин Экология жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй аймактык башкармалыгы экологиялык абалды жакшыртуу жана кара түтүн менен күрөшүү боюнча ыкчам чечимдерди жана кечиктирилгис чараларды кабыл алуу максатында 2023-жылдын 4-декабрынан баштап 8-декабрга чейин Чүй облусу боюнча аткарылган иш чаралар;
3 мончо текшерилген. Алар;
Жайыл району Кара-Балта шаарында
- Кара-Балта ш. ЖИ “Бекбоев М” мончосу
Сокулук районундагы
- ЖИ “Нурсултан” мончосу
- ЖИ “Мамбеталиев” монсосу
Мончолорду жылытуу үчүн көмүр колдонулаары тастыкталган. Аталган мончолордон эреже бузуулар табылган жок. Инспекторлор аталган мончолорго резина, пластмасса, тигүү өндүрүшүнүн калдыктарын жана башка тыюу салынган буюмдарды өрттөөгө, калдыктарды жагууга жол бербөөнү, атмосферага оор химиялык заттар кирбеши керектигин суранган 3 билдирүү тапшырышты.
Башкармалыктын инспекторлору коомчулуктун экологиялык көйгөйлөрүнө көңүл бурууну максат кылышууда. 5 билим берүү мекемелеринде алар;
Сокулук районундагы № 1- мектеп
Жайыл районунун Кара-Балта шаарындагы № 2 мектеп
Москва районундагы Ак-Суу №4- орто мектеби жана Садовой айлындагы Бажан атындагы орто мектептерде
айлана-чөйрөнүн абалы жана жаратылыш ресурстарын колдонуу, экологиялык маданияттын калыптандыруу жана кара түтүн, калдыктарды азайтуу боюнча билим берүү максатында экологиялык агартуу иштерин жүргүзүштү.
Ысык-Ата жана Чүй Токмок райондук ички иштер башкармалыгынын жол кыймылын жөнгө салуу кызматы менен башкармалыктын инспекторлору биргеликте автомобилдердин булгоочу заттардын түтүнүн жана концентрациясын аныктоого мүмкүндүк берүүчү прибордун жардамы менен кичи автобустар, оор жүк ташуучу, жеңил унаалар текшерилди. Профилактикалык инструктаждар өткөрүлдү.