Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги
13-сентября 2023, 14:26

Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ош регионалдык башкармалыгы, Ош шаарынын мэриясы менен Ош шаарында түтүнгө каршы күрөшүүнү күчөтүү максатындагы “Атмосфералык абаны коргоо” жөнүндөгү бекитилген иш пландын негизинде, Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү менен биргеликте, Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасындагы автобустардын кыймылдаткычтарынын уулуулугун жана түтүндүүлүгүн инстурменттик контролдоо иши жүргүзүү менен бирге айдоочуларга, автобустардан иштелип чыккан газдардагы көмүртек кычкылы жана углеводороддордун көлөмүн нормадан ашырбоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Аталган иш-чаралар Ош шаарындагы бардык муниципалдык мекемелердин транспортторунда өткөрүлмөкчү