Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги
04-июля 2024, 09:13

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Баткен регионалдык башкармалыгынын аңчы адистери жана инспекторлору, Баткен шаарындагы Төрт-Гүл суу сактагычында, Кожешкен, Ак-Суу дарыясынын жээгинде жана Лейлек районуна караштуу Козу-Баглаң дарыясынын жээктеринде мыйзамсыз балык уулоо фактыларын болтурбоо максатында ыкчам рейдттик иш - чаралар жүргүзүлдү.
Жыйынтыгында Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору тарабынан 4 жарандын мыйзам бузгандыгы аныкталып, “Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндөгү” кодексинин 266-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык 1000 сомдон айып пул салынып, 1010сом доо коюлду мындан сырткары Төрт-Гүл суу сактагычынан 1500 метрден ашык синтетикалык кытай торлору жана пластик бутылкалары чогултулуп белгиленген тартипте жок кылынды. Ошондой эле көл жээгинде кайырмак салган жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүдү.