Жаратылыш ресурстары министрлиги кызматташтыкта өзгөчөлөнгөн өнөктөштөрдү сыйлады
26-декабря 2024, 15:33

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде 2024 жылы айлана-чөйрөнү коргоо, климаттын өзгөрүшү жана маанилүү тармактык маселелерин чечүүгө активдүү катышкан министрликтердин, ведомстволордун, уюмдардын өкүлдөрү жана эл аралык өнөктөштөрдү министрликтин ведомстволук сыйлыктары менен министр М. Машиев сыйлады.
Иш-чарага министрдин биринчи орун басары К.Касейинов, министрдин орун басары А.Раимкулова, Н.Сатыбалдиев, министрликтин башкармалыктарынын жана бөлүм башчылары катышты.
М. Машиев сүйлөп жатып, министрликтин 2024 жылы жетишкен бир катар ийгиликтерине токтолуп өттү. Айлана-чөйрөнү жакшыртуу жана токойлорду азыркы жана келечек муундар үчүн сактоо максатында, Жашыл Мурас улуттук кампаниясынын алкагында, 2023-2024-жылдарда жалпысынан 15 685 541 бак-дарак көчөттөрү отургузулуп, абанын сапатын жакшыртуу боюнча бир катар иштер жасалганына токтотоло кетти.
Борбор Азия чөлкөмүндө биринчилерден болуп Ысык-Көл облусунун курорттук-реакрациялык зонасынын аймагында, өзгөчө корголуучу жаратылыш жана биосфералык аймактарда полимердик пленка баштыктарды жана бир жолу колдонулуучу желим буюмдарды жүргүртүүгө чектөө киргизилди. 2027-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын баардык аймактарында тыюу салынганын жана жер казынасын иштетүү боюнча, жер казынасын пайдалануу багытында бир нече кен чыккан жерлер изилдене баштады. Ак-Түз, Борду, Кашка, Делбек, Түтөк кендерии чалгындалууда экенин, Кумтөр экономикага 4,5 млрд долларлык мультипликативдик эффект бергенин натыйжада ченемдик алтын куймаларын чыгарган завод ишке киргенин жана “Кыргызгеология” мамлекеттик ишканасына 1 млрд сом бөлүнүп, бүгүнкү күндө болжол менен 712 млн. сом өздөштүрүлүп, атайын 67 техникалар алынганын баса белгиледи.
Сөзүнүн аягында бардык катышуучуларга жана өнөктөштөргө чын жүрөктөн ыраазычылык билдирип, “бизди бириктирген максат, дагы көптөгөн улуу иштерге жетелээрине, ишенээрин жана алдыда дагы ишенимдүү кадамдарды жасап жана кызматташууну уланта берели”- деди министр М.Машиев.
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары. Экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин “Кызматташтык үчүн медалы” менен, “ардак грамотасы” менен, грамотасы жана ыраазычылык баракчасы менен 30 дан ашуун адам сыйланды.
Иш-чаранын алкагында келген коноктор дагы сөз сүйлөп, ыраазычылыктарын билдирип башталган иштер сөзсүз улантылып, жакшы ийгиликтер жаралаарын айта кетишти.