БУУ Климаттын өзгөрүшү жөнүндө Рамкалык Конвенциясынын тараптарынын 28-конференциясынын ишине кыргыз делегациясынын катышуусунун негизги жыйынтыктары тууралуу
20-декабрь 2023, 14:30
БУУнун климаттын өзгөрүшү жөнүндө Рамкалык Конвенциясынын тараптарынын 28-конференциясы Дубай шаарында 2023-жылдын 29-ноябрынан 12-декабрына чейин доктор Султан Ахмед Аль Жабердин (Бириккен Араб Эмираттары) төрагалыгы астында өттү.
1995-жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан жылдык конференция дүйнөлүк лидерлер, саясатчылар, эксперттер жана башка көптөгөн кызыкдар тараптар үчүн климаттын глобалдык маселелерин талкуулоо жана маанилүү чечимдерди кабыл алуу үчүн маанилүү аянтча болуп саналат. Буга чейинки КС-27 конференциясы Египеттин Шарм-Эл Шейх шаарында өткөн.
Эки жумалык сүйлөшүүлөрдүн алдында 1 жана 2-декабрда болуп өткөн климат боюнча иш-аракеттердин Дүйнөлүк саммити (World Climate Action Summit), анын алкагында адаптациялоо, митигациялоо жана ишке ашыруу каражаттары маселелери боюнча жыйынтыктарды чыгаруу боюнча (Global stocktake) жогорку деңгээлдеги параллель отурумдар өткөрүлгөн.
Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаров 2023-жылдын 1-декабрында улуттук билдирүү жасады, анда кызыл сызык менен өлкөнүн 2030-жылга карата чыгындыларды чыгаруунун деңгээлин 16% га, ал эми эл аралык колдоо болгондо-44% га кыскартуу чечкиндүүлүгүн баса белгиледи. Париж келишиминин духуна ылайык, КР мамлекет башчысы дүйнөлүк коомчулукка жана биринчи кезекте өнүккөн өлкөлөргө аялуу тоолуу өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдү активдүү колдоого, анын ичинде жоготуулар жана зыяндар боюнча фондду тез арада ишке киргизүү, кайтарымсыз шарттарда түз финансылык колдоо жана жаңы технологияларды берүү, ошондой эле климаттык долбоорлорго тышкы карызды алмашуу механизмдерин түзүү чакырыгы менен кайрылды.
Үстүбүздөгү жылдын 2-декабрында болуп өткөн адаптациялоо маселелери боюнча (Global stocktake) жыйынтыктарды чыгаруу боюнча жогорку деңгээлдеги отурумдун жүрүшүндө чыгып сүйлөөнүн башкы лейтмотиви тоо экосистемаларынын көйгөйлөрү, тоо экосистемаларынын климаттык жана экологиялык көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган тоолуу өлкөлөрдүн күч-аракеттерин колдоо зарылдыгы, ошондой эле тоо тематикасын артыкчылыктуу маселелер катары интеграциялоо, чакан арал катары өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин көйгөйлөрү менен окшоштук боюнча КС-28 гана эмес, БУУнун КӨРК кийинки конференцияларынын күн тартибине байланыштуу болду.
Ошентип, жогорку деңгээлдеги сегменттин жүрүшүндө мамлекет башчысы С.Н.Жапаров тарабынан багыт берилди, ал эми эки жуманын ичинде Президенттин Администрациясынын, ТИМдин, ЖРЭТКМ, Экономика министрлигинин, Каржы министрлигинин, ЦАИИЗ катышуусу менен, ошондой эле эл аралык өнөктөштөрдүн, анын ичинде БУУӨП, ФАО, ЕККУ, ДАП, GIZ, РЭЦЦА катышуусу менен Кыргыз Республикасынын делегациясы тарабынан маанилүү милдеттерди жүзөгө ашыруу боюнча максаттуу иштер жүргүзүлдү.
Маанилүү жыйынтыктар: КС-28нин маанилүү жыйынтыктарынын бири болуп дүйнөдөгү биринчи “глобалдуу жыйынтыктарды чыгаруу (GST)” жөнүндө чечим кабыл алуу болду, ал 1,5°C чегиндеги глобалдык температуралык чекти кол жеткидей аралыкта кармоонун башкы максаты менен он жылдыктын аягына чейин климаттык аракеттерди активдештирүүгө багытталган.
Глобалдык инвентаризация КС-28дин негизги жыйынтыгы болуп калды, анткени ал боюнча эки жумалык сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн бардык элементтерди камтыйт жана азыр өлкөлөр тарабынан 2025-жылга чейин аткарылышы керек болгон климаттык иш-аракеттердин кыйла катаал пландарын иштеп чыгуу үчүн колдонулушу мүмкүн. БУУнун климаттын өзгөрүшү боюнча аткаруучу катчысы Саймон Стил өзүнүн акыркы сөзүндө “бул жыйынтык бардык өкмөттөрдү жана компанияларды “убадаларды реалдуу экономикалык натыйжаларга айландырууга” чакырган казылып алынган отун доорунун акырынын башталышы” деп белгиледи.
Тизмеге ошондой эле көмүр энергиясын колдонууну токтотуу аракеттерин тездетүү, натыйжасыз казылып алынган отун субсидияларын акырындык менен жоюу жана өнүккөн өлкөлөр алдыңкы ролду ойной бериши керек болгон энергетикалык системаларда казылып алынган отундан баш тартууга көмөктөшүүчү башка чаралар кирет. Кыска мөөнөттүү келечекте, Тараптарга бардык экономиканын масштабында чыгындылардын кыскартууларын жана 2025-жылга карата кийинки раунддун климат боюнча өзүнүн иш-аракеттер планынын 1,5°C чеги менен макулдашылган (улуттук деңгээлде аныкталган салымдар катары белгилүү) амбициялуу максаттуу көрсөткүчтөрүн көрсөтүү сунушталат.